Америкалык актер Том Хэнкс менен жубайы коронавирус жуктурду. Бул тууралуу актер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Рита экөөбүз Австралиядабыз. Биз өзүбүздү чарчаңкы абалда, ооруп калгандай сездик. Рита кечке чыйрыгып чыкты. Баарын туура кылуу үчүн бизден коронавирусту аныктоочу тест алышты. Ал оң жыйынтыкты берди», — деп жазды.
Жубайлар 63 жашта. Алар Австралияда карантинден өтүп, дарыланышат.