• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Белгилүү блогер Жанара Осмоналиева 3 суткага кармалды

17 Кулжа 202518:46 Бишкек Govori.TV

Белгилүү блогер Жанара Осмоналиева 3 суткага камакка алынды.

Милициянын маалыматына караганда, 16-июнь күнү, социалдык тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн Инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталган.

Бул факты Бишкек ш. ИИББнын МЭЖге катталып Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Ал эми, милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында, 1993-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран Тергөө кызматына жеткирилип, тиешелүү аймагы боюнча Ленин РИИБге жөнөтүлгөн.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен 3 суткага камакка алынган.

Блогер буга чейин Бишкек эл аралык кинофестивалында ачык кийинип чыгып, коомдо кызуу талкуу жараткан. Натыйжада иш-чаранын уюштуруучуларына сөгүш берилген.

Количество просмотров: 548