• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Белгисиз адамдар Москва – Бишкек учагында бомба болгонун кабарлашкан

22 Аяк оона 20229:07 Бишкек Govori.TV

Учакта жарылуучу зат бар деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-сентябрда саат 14:53тө “Манас” эл аралык аэропортунун диспетчеринен Москва – Бишкек багытындагы учактын ичинде жарылуучу зат бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тартылып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Маалымат тастыкталган эмес.

Количество просмотров: 324