«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын аялы жалгыз митингге чыкты. Бул тууралуу анын жактоосучу Таалайгүл Токтокунова билдирди.
Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.