• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги «Зимняя Бухта» кафеси өрттөнгөн видеосу

24 Теке 201812:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.07.2018.Govori.TV.
Белгисиз себептерден улам Бишкектеги «Зимняя Бухта» кафеси өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-июль күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунун С. Каралаев көчөсүндө жайгашкан «Зимняя Бухта» кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Өрттү өчүрүүгө саат 07:51де КР ӨКМнин Октябрь райондук №5 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 08:03тө КР ӨКМнин Свердлов райондук №7 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 08:04тө Штаб, саат 08:22де КР ӨКМнин Свердлов райондук №3 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган, жалпы 3 бөлүм тартылган»,- деп айтылат маалыматта.
Саат 08:35те Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан КБУ менен ыкчам топ тартылып кафесинен чыккан өрт саат 08:39да чектөөгө алынып, саат 09:18де толук өчүрүлгөн.

 

Количество просмотров: 69