• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Белизгейт: Документ эмес жыты да жыттанбайт

19 Аяк оона 2018 19:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 19-сентябрда парламент жыйынында “Белизгейт” боюнча маселе каралды. Жыйынга УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов жана башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев, КТРКнын директору Илим Карыпбеков келди.
Бул сунушту депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев киргизген.
Анда депуттар бул маселени карап, тиешелүү тараптарга суроолорду берип, бирок бир жыйынтыкка келе алышкан жок. Эске салсак, 2016-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган.
Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам «Мегакомдун» акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыктар болгонун күбөлөндүрөт.
Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган. 14-сентябрда «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев Белиз өлкөсүнөн эч кандай документтер келген эмес деп билдирген.

 

Количество просмотров: 35