• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Bellagio Coffee» кафесинин жарнамалык бастырмалары алынды

31 Тогуздун айы 2023 17:17 Бишкек Govori.TV

Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда Манас проспектисинде мыйзамсыз орнотулган объектилер демонтаждалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, иштин жүрүшүндө өз билемдик менен орнотулган жана тил талаптарына жооп бербеген «Bellagio Coffee» кафесинин жарнамалык бастырмалары, ошондой эле мыйзамсыз орнотулган шлагбаум жана башка жарнак объектилери демонтаждалды.

Жеринде башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Количество просмотров: 92