Белорусиялык жөө күлүк Ольга Мазуренок Европа чемпиону марафонундагы жарышта мурдунан кан кеткенине карабай, кайраттуулугу менен жеңишке жетти. . Бул тууралуу “Лента.ру” сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык спортчу айым, марафондук аралыкты 2 саат 26 мүнөт 22 секундта чуркап келген. Жарыштын 40-мүнөтүнөн кийин 29 жаштагы жөө күлүктүн мурдунан кан кетип, бирок нымдуу кагаз менен аарчып, жарышты токтоткон эмес.
Эске сала кетсек: Европанынын жеңил атлетика боюнча чемпионаты 9-августан 12-августка чейин Берлин шаарында өттү.