• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Беловодск айылында тепловоз адамды сүзүп кетти

12 Жетинин айы 201816:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Чүй облусундагы  Беловодск айылында тепловоз кишини сүзүп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 10-ноябрда болжол менен саат 16:00дөр чамасында болгон.
«Милицияга Беловодск айылында темир жолдун боюнда азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, маркум Беловодск айылынын 54 жаштагы тургуну экенин аныкташкан», — деп билдирди маалымат кызматы.
Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум жолго чуркап чыкканда машинист тепловозду токтотууга үлгүрбөй калып, аны сүзүп кеткен.
Азыркы тапта бардык экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.
Количество просмотров: 54