• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сокулукта мас айдоочу 2 окуучу кызды сүзүп кетти

20 Бирдин айы 2022 1:21 Бишкек Govori.TV

Сокулукта эки окуучу кызды Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 18-февраль күнү саат 7:20лар чамасында болгон. Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде турган 15 жана 16 жаштагы эки окуучу кызды сүзгөн. Катуу соккудан улам алар токтоп турган микроавтобустун алдына кирип кеткен. Айдоочу качып кеткен. Издөө-ишчараларынын негизинде айдоочу ошол эле күнү колго түшүрүлгөн. Наркологиялык экспертиза анын ичимдик ичип алганын аныктаган.

«Шектүүнүн автоунаасы айып короого токтотулуп, өзү камакка алынган. Ал эми ар кандай жаракат алган окуучулар Сокулук райондук ооруканасына жаткырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 483