• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Беловодское айылында жаңы жыл түнү бир үй бүлө мүчөлөрүн атып кеткен дагы үч шектүү кармалды

8 Үчтүн айы 2018 17:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.01.18. Govori.TV

1 январь күнү таңга жуук Чүй облусунун Беловодское айылынын тургундарынын үйүнө кирип барып, 2 аялды атып өлтүргөн шектүүлөрдүн дагы үчөө кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.

«Чүй облусунун Беловодское айылынын тургундарын  үйүнө кирип барып,  тоноп 2 аялды атып өлтүргөн шектүүлөрдүн дагы үчөө кармалды». — деп билдирет ИИМ.

Бегилей кетсек, буга чеийин 3 январь күнү  аталаган кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 19, 20 жана 23 жаштагы үч тургуну кармалган.

Эскерте кетсек, 1 январь күнү таңкы саат 4 чамасында  Беловодское айылында беткапчан кылмышкерлер жергиликтүү тургундун үйүнө кирип барып, үй ээсин оор жарадар кылып, анын 69 жаштагы жубайын жана 45 жаштагы кызын атып өлтүрүшкөн. Алар үйдөгүлөрдүн болжол менен 120 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кетишкен.

Количество просмотров: 4