• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бензинди мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталып, айып салынды 

22 Жетинин айы 202317:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Профсоюз көчөсүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү иштеринин жыйынтыгында АИ-92 үлгүсүндөгү 200 литр бензин алынып, 12 миң сом өлчөмүндө 4 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча 1 млн 890 миң сомго 324 протокол түзүлгөн.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Теги:
Количество просмотров: 144