2024-жылы Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын бардык түрлөрүнө баа жогорулаган. Бул Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Бир жылда, тагыраагы 2024-жылдын январь айынан декабрь айына чейин А-95 үлгүсүндөгү бензин 2,93 сомго, А-92 2,49 сомго, А-80 3,8 сомго кымбаттаса, дизель майы 1,9 сомго көтөрүлгөн.

Ал эми 9-январда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов Россияда жыл аягында күйүүчү майга болгон баалар төмөндөөрүн айтып, мындан тышкары күйүүчү майдын дүң баасы төмөндөгөндүктөн да баалар арзандай түшкөнүн билдирген.
Маалымат боюнча республикадагы айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы литри орточо 3 сомго арзандаганы байкалган.