• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Бери чыкчы». Салымбеков депутатты «Разборкага» чакырды

16 Бугу 2019 16:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Канатбек Музуралиев жана Жумабек Салымбеков жардамчынын кылыгы үчүн чырдашты.
Маалым болгондой, Салымбековдун жардамчысы мурдагы депутат Павел Десятников эл өкүлдөрүнүн катарына отуруп алып, аткаруу бийлигинин дарегине суроо берип баштаган.

Анын бул кылыгы Музуралиевге жаккан жок. Мындан улам, эки депутаттын ортосунда кайым айташууну жаратты. Аларды кесиптеши Сайдахмат Исмаилов токтотуп Орозонун күнундө сабырдуу болууга чакырды.

Бирок, Жумабек Салымбеков Канатбек Музуралдиевди “Мени менен териштиргиң келсе, бул жерде эмес тыгыгуу учурунда депутаттык бөлмөдөн айтсаң болмок”,-деп кекетти.

Видео Спутник агенттигинен алынды.


Количество просмотров: 17