• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Берлинде автоунаа топтошкон адамдарды сүзүп, бир киши каза болду

9 Кулжа 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Германиянын баш калаасы Берлин шаарында автоунаа топтошкон адамдарды сүзүп, бир киши каза болду. Бул тууралуу RBB радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, 8-июнда шаардын батыш бөлүгүндө жайгашкан Шарлоттенбург районундагы Ранкештрассе көчөсүндө болгон кырсыкта ондогон киши жараат алды.

Полиция автоунаанын айдоочусу кармалып, окуянын себептери териштирилип жатканын билдирди. Ал адамдарды атайылап сүзгөнбү же кокустан болгон кырсыкпы, азырынча белгисиз.

Ушул эле көчөдө 2016-жылы да теракт болгон. Анда жүк ташуучу машине жаңы жылдык жарманкеге чогулгандарды сүзүп, 12 киши набыт кеткен. Ал окуя үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук уюму өзүнө алган.

Количество просмотров: 104