• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Беш дарыгер камакка алынды

1 января 2023 12:06 Бишкек Govori.TV

“Кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткаруу” беренесине шектелип беш дарыгер кармалган. Алардын бөгөт чарасын Бишкектин Ленин райондук соту 30-декабрда карады. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Сот беш дарыгерди 10-январга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Маалыматка ылайык, ушул иш боюнча дагы бир дарыгердин бөгөт чарасы каралып, үй камагы тандалды. Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери Кылмыш жаза кодексинин 146-беренеси (“Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен шектелип кармалган.

Азырынча күч органдары окуянын чоо-жайын толук маалымдай элек.

Количество просмотров: 454