• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Беш күндө КРВИ менен сасык тумоонун дээрлик 6 миң учуру катталды

30 Үчтүн айы 2023 13:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 26-январдан 30-январга чейин курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 5 миң 978 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жумага салыштырмалуу 15,5%га аз. Сасык тумоонун жана КРВИнин төмөнкү температуралык шарттарына туруктуулугун эске алуу менен калк арасында ооруга күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык мезгил башталгандан тарта республика боюнча сасык тумоонун жана КРВИнин 178 миң 546 учуру катталды.

Количество просмотров: 53