• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өлкөдө КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү байкалууда

23 Үчтүн айы 2024 9:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиялык сезонунун келиши менен республика боюнча оорунун өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Оперативдик маалыматтарга ылайык, акыркы жумада республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 9 миң 295 учуру (и.к. 131,0) катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 8,1% аз.

«Ооругандардын ичинен 67,1% (6 миң 243 учур) 14-жашка чейинки балдар түзөт. Октябрь айынан тарта 1492 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет. Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 33,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 26,9%, парагрипп 18,7% жана башка вирустар 21% түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Оорунун жогору көрсөткүчтөрү Бишкек, Ош шаарларында жана Чуй облусунда катталды, и.к. 292,1; 189,3 жана 224,2 түздү. Мониторинг боюнча жумасына 2 ден 6 учурга чейин COVID-19 учурлары катталууда. Акыркы жумада республика боюнча COVID-19 оорусунун 5 учуру Бишкек шаарында катталды.

Азыркы учурда бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген. Республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун эпид кырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда.

Количество просмотров: 60