• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир аптада КРВИ жана сасык тумоонун 5 миңден ашык учуру катталды

9 Бештин айы 202417:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир жума ичинде КРВИ жана сасык тумоонун 5миң 140 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 49-жумасында КРВИ жана сасык тумоонун 5миң 140 учуру катталды. Бул өткөн жумага салыштырмалуу 3,8%га көп. Ооругандардын ичинен 71,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Ошондой эле, республикада COVID-19 илдети боюнча жумалык мониторинг уланууда. 49-жума ичинде Ош шаарында СOVID-19 инфекциясынын 1 учуру катталды.

Өлкөнүн аймагы боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

Количество просмотров: 151