• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Беш кыздын өмүрүн кыйган өрттүн себеби аныкталды

12 Бирдин айы 20199:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.02.2019.Govori.TV.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети Астанадагы беш кыздын өмүрүн кыйган өрттүн себебин аныктады. Мекеменин өкүлү Жасулан Актаев: «Үйдүн шыбы мордон чыккан ысыктан тосулган эмес. Мешти жакканда, мор ысып өрт чыккан. Үйдүн чатыры күйүп, анан кулап түшкөн», — деп билдирди.

4-февралга караган түнү Астананын кичи райондорунун биринде жеке менчик үйдөн чыккан өрттөн бир үй-бүлөнүн беш кызы каза болгон. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өрт учурунда кыздардын ата-энеси иште болгонун маалымдашкан.

Бул окуядан кийин Астанадагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө ис чыкканы тууралуу кабар берип турчу жабдуулар орнотула баштаганы белгилүү болду.

Секелектердин өмүрүн алган кырсыктан кийин Казакстандагы көп балалуу энелердин укуктарын коргогон, аларга мамлекеттен көбүрөөк жардам бөлүүнү талап кылган акциялар өтүп жатат.

Количество просмотров: 12