• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Беш жылдагы бюджет профицити. Ишке ашабы же кыялбы?

5 Аяк оона 202415:21 Бишкек Govori.TV


Алдыдагы беш жылда Кыргызстандын мамлекеттик бюджети профицитте болот. Мындай божомолду Финансы министрлиги билдирди.

Кыргызстанда беш жыл ичинде бюджеттин жылдык профицити төмөнкүдөй болору белгиленген:
2025-жылы — 41,8 млрд. сом (ИДПга карата 2,6%);
2026-жылы — 54,7 млрд. сом (ИДПга карата 3%);
2027-жылы — 56,6 млрд. сом (ИДПга карата 2,8%);
2028-жылы — 41,8 млрд. сом (ИДПга карата 1,8%);
2029-жылы — 48,6 млрд. сом (ИДПга карата 1,9%).

Үстүбүздөгү жылдын аягында бюджеттин бекитилген профицити 11,2 миллиард сомду түзөт.

“Бюджеттин профицити келечекте мамлекеттик карызды жабуу үчүн экономикалык ишмердүүлүккө жана мамлекеттин милдеттенмелерин аткарууга жумшалат», — деп белгилейт Финансы министрлиги.

Количество просмотров: 106