• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бюджетте профицит, бирок бюджетти колдоо үчүн кайра кредит алынат

10 Тогуздун айы 202416:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан кредит алат. Бул кредит ички кайра кредит берүүгө кетээри бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Азия өнүктүрүү банкы 50 млн. доллар (доллардын азыркы курсу боюнча 4,25 млрд. сом) кредитти Кыргызстанга берет. Бул сумманын 43 миллиону кредит, 7 миллиону грант түрүндө берилет. Кредиттин мөөнөтү 24 жыл, анын ичинен 8 жылы 1 пайыз менен жеңилдетилген убакыт болсо, калган убактагысы 1,5 пайызды түзөт. Бул каражаттар толугу менен бюджетти колдоого жумшалат. Мындай маалыматты Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди.

Депутат Дастан Бекешов бюджетте профицит болуп жатса, эмне үчүн кайра бюджетти колдоого кредит алынып жатканына кызыкты.

Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 2024-жылдын бюджети 10,9 млрд. сом профицит менен түзүлгөнүн, ал профицит сырткы карызды төлөөгө кете турганын айтты. Мындан тышкары мурда алынган кредиттерди бюджеттин тартыштыгын жабууга жумшап келишкендиктен карыздар каскад түрүндө болуп келгендигин, эми болсо карыздарды төлөөнүн жеткен чегине келгендиктен, бюджет профицитин карызды төлөөгө жумшап жатышкандыгын кошумчалады. Министрдин орун басарынын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынан алынып жаткан кредит экономиканын өнүгүшү үчүн жеңил кредит катары финансы инструменти болуп кызмат кылат.

Дастан Бекешов бюджетте акча ашып жатса, бирок эмнеге кайра кредит алып жатканын дагы тактап сурады.

Финансы министринин орун басары алынган каражаттар экономиканын өнүгүүсүнө жумшалаары, жергиликтүү заводдор менен фабрикалар бюджеттик кредит сурап жатышканын, бул каражат ошолорго берилерин айтты.

Дастан Бекешов азыр доллар инфляцияга учурап жатканын, 1996-жылдары алынган кредиттер төлөнө электигин, кайра кредит алуу менен кайра ошол жолго алып баратышканын белгиледи.

Финансы министринин орун басары бул боюнча так эсептер бар экендигин, сырткы карыз экономиканын өсүү эсебинен кыскара турганын айтты.

Количество просмотров: 382