• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бешке окуган 10-класс кызды боюна бүтүргөн бала кармалды

12 Бештин айы 2017 9:45 Бишкек Govori.TV

Ноокат районунда 10-класстагы окуучу кызды боюна бүтүрткөн деп шектелген 17 жашар бала кармалды. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси боюнча иш козголуп, камакка алынды. Шектүү жигит менен окуучу кыз бир айылдын тургундары. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди Турмуш сайты жазды.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, мугалимдер окуучунун боюнда бар экенин билишкен эмес, аларга ооруканадан телефон чалышканда гана билип, абдан таң калышкан. Педагогдор окуучуга «акылдуу, жоош жана эмгекчил» деп мүнөздөмө берүүдө.

«Ал жалаң «5» жана «4» деген бааларга окуйт. Дайыма мектептен тышкаркы иш-чараларга активдүү катышат. Такыр сабак калтырчу эмес. Болгону 30-ноябрда жана 1-декабрда ал мектепке келген жок. Апасынын айтымында, ал өзүн жаман сезген. Бирок ошондон кийин ал дайымкыдай эле сабактарга катышып жаткан», — деп айтышты мектептен.

Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, кыз апасы, чоң энеси жана чоң атасы менен жашайт, атасы Россияда 2 жылдан бери иштеп жүрөт. Ошондой эле, мектепте эрте бойго бүтүүнүн жана эрте жыныстык байланыштын терс натыйжалары тууралуу профилактикалык лекциялар өтүлгөнүн белгилешти.

Количество просмотров: 19