Бишкекте изделип жаткан Мээрим Кайрат кызы табылып, күйөөсү камалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Буга чейин милицияга 33 жаштагы келинди кызганычтан улам жолдошу күч менен жумушунан дайынсыз жакка алып кеткени айтылган.
Иш боюнча Адам уурдоо фактысы менен иш козголуп, тийиштүү иш-чаралар жүргөн.
Натыйжада экөө тең табылып, 41 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми видеодо келиндин чачы кесилип, бети кесилгенин жана канаганын көрүүгө болот.