• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Беттештен кийин Акжол Махмудов кыргызстандыктарга кайрылды (Видео)

2 Баш оона 2021 18:34 Бишкек Govori.TV

Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште финалга чыккан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов кыргызстандыктарга кайрылды.

Ал жеңишин Кыргызстандын элине арнай турганын айтып, медаль үчүн күрөштө байге ала албай калган спортчуларды сындабоого чакырган.

«Ассолому алейкум кыргыз элим, жеңишим сиздерге арналат! «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Төө мингенде жигитти, төбөсүнө көтөрүп, тегеректеп эл жүрөт. Жөө жүргөндө жигитти, жөөлөй түртүп эл күлөт» дейт, ошондуктан бүгүн утулуп, максатына жетпей калган жигиттерибизди эч качан сындабагыла. Бул — спорт. Өзүңдө жакшы нерсе болбосо башкалардын да жакшы жагын көрө албайсың. Ошондуктан адам канчалык жамандык кылбасын ар дайым жакшы жагын көргөнгө аракет кылгыла», — деди Махмудов.

Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов бүгүн, 2-августта финалга чыкты. Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Буга чейин Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алган.

Количество просмотров: 1777