• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бийик тоолуу унаа жолдору жазга чейин жабылды дейт ӨКМ

14 Тогуздун айы 202414:17 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга эскертүү бергенин аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун Кара-Буура ашуусундагы каттамы жана Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусундагы каттамы 14-октябрдан баштап жабылды.

Бул жолдордогу өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Чаткал жана Сузак райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу чыгарлып, 2025-жылдын жаз мезгилине чейин жол эки тараптуу жабылганын маалымдады.

Количество просмотров: 121