• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бийлик алмашканда акталган аткаминерлер…

26 Жалган куран 2021 19:32 Бишкек Govori.TV

5 жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу мурдагы баш прокурор Аида Саляновага карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылды. Тагыраагы Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу иши райондук сотко кайтарылды.

Ал эми экс-депутат Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иштер токтотулду. Ал 2019-жылдын августунда Финансы полициясында сурак берип чыккандан кийин УКМКда жана Финансы полициясында ага каршы сегиз иш тергелип жатканын айткан.

Октябрдагы башаламандыктардын кийин кылмыш иштери каралып акталгандар көп болду.

Алгач эле 2012-жылы бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголгон учурдагы УКМКнын төрагасы КамчыбекТашиев, КР президенти Садыр Жапаров жана парламент төрагасы Талант Мамытовдор акталган. Буга каралган иште «кылмыштын белгилери табылган жок» деген негиз келтирилген.

Жаңы бийлик келгенде шашылыш акталгандардын катарында Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов да бар. «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» боюнча күнөө коюлуп, 2015-жылы жети жылга сыртынан кесилген Мырзакматовдун актоо өкүмүнө козголгон иште кылмыш курамы жок деген негиз себеп болгон.

Биз заматта акталгандардын катарына Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова да кошулду. Ага карата чыккан чечимдерди Жогорку сот жокко чыгарган. Жапарова Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деген айып менен сыртынан кесилген.

2020-жылдын октябрь айында, Өмүралиев Генералдык штабдын жетекчиси катары дайындалганда, Биринчи май райондук соту жана аны менен чогуу бул иштин фигуранты болгон дагы он кишини актап чыгарган. 2017-жылы аткаминерлер кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылган болчу.

Ал эми 9-февралда Жогорку сот 11 жылга соттолуп, жазасын өтөп чыккан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жактоочуларынын арызын канааттандырып, буга чейинки инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарды.

Ал арада «Бийликти күч менен басып алуу», «Бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга даярдануу» беренелери менен соттолгон «Элдик парламент» бирикмесинин мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов жана Толубай Колубаевге карата чыккан өкүмдөрү жокко чыгарылып, иштин өзү кылмыш курамы жок болгондуктан токтотулду.

Жогоруда аты аталгандардын баары камакта бийликтин куугунтугунан улам олтуруп калганын айтып келишет. Деген менен коомчулукта соттун биз заматта чыккан чечимдери элдин сот системасына болгон ишеничин арттырбай эле кетирип жатканы боюнча кептер козголууда.  

Кыргызстанда жаңы бийлик келгенде эски бийликтин каталарын чукумай адатка айланып бара жаткандай.

Количество просмотров: 228