Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.
Бийликте айымдардын көбөйүүсү менен социалдык маселелер көп көтөрүлүп, чыр-чатактар азайып, укук бузууларлар азайат. Мындай пикирин бүгүн Акипресс агенттигинде өткөн тегерек столдо «Жарандык платформа» бирикмесинин директору Айнура Усупбекова билдирди.
«Биз Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн 30 пайыздык айымдар үчүн сөзсүз түрдө берилүүчү квота тууралуу депутаттардын демилгесин колдойбуз. Себеби, айымдардын жергиликтүү администрацияларда, бийликте көбөйүүсү коомдогу болуп жаткан социалдык маселелерге көңүл көбүрөөк бурулуусуна алып келет. Укук бузууларды азайтууга айымдар күрөшө алат»,-деди ал.
Ал эми Перизат Суранова активдүү, иштейм деген айымдар көп андыктан 30пайыздык квота толбой калат деп ойлонбошубуз керек деген пикирин кошумчалады.