• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бийликти басып алууга айыпталгандардын туугандары Ак үйдүн алдына чыкты

22 Бештин айы 2021 12:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрда Ак үйдүн алдына бийликти басып алууга айыпталгандардын туугандары нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын арасында депутат Бакыт Жетигеновдун жакындары бар. Кармалгандардын тарапташтары бошотуу талабын коюп жатышат.

«Бүгүнкү күндө жалпы 15 бала кармалып жатат. Айылда жүргөн жөнөкөй балдар кантип Ак үйдү басып алсын? Алар соттолуп кетсе бала-бакырасын ким багат? Жактоочу жалдаганга каражаттары жок кыйналып жатышат. Айылда болгон оокатыбызды таштап, ушул жерде жүрөбүз»,-деди акциянын катышуучусу Аскар Мусакеев.

Белгилей кетсек, буга чейин атайын кызмат УКМК менен ИИМдин иликтөөсүнүн натыйжасында бийликти күч менен басып алууга даярданып жаткан деген шек менен 15 жаран кармалганын кабарлаган. Алардын арасында депутаттар менен экс-чиновниктер, талапкерлер бар экени айтылган.

Количество просмотров: 221