• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындары соттун алдына чогулушту

24 Чын куран 2024 15:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-апрелде Биринчи май райондук сотунун алдына Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындары чогулушту.

Алар Биринчи май райондук сотундагы соттук процесстерди ачык өткөрүүнү талап кылышууда.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Бир тобу үй камагына чыгып, ушул тапта тогуз киши тергөө абагында отурат.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр муну четке кагып, саясий куугунтук катары сыпатташууда. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. 

Количество просмотров: 76