• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бийликти басып алууга айыпталып соттолгон Карыбековдун өкүмү жокко чыкты

3 Бирдин айы 2021 18:23 Бишкек Govori.TV

Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбековго карата чыккан бардык сот өкүмдөрү жокко чыгарылды, ага карата козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. 3-февралда Жогорку сотто ушундай чечим чыкканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ишти башка судьялар карайт.

Ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо тууралуу өтүнүч менен Жогорку сотко Карыбековдун адвокаты кайрылган.

Эрнест Карыбеков саясатчылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров менен кошо 2016-жылдын март айында «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалган. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Аларга байланышы бар деп кармалган мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

2019-жылы Жогорку сот Карыбековдун өтүнүчүн карап, жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга түшүргөн, кийин ал жатак абакка которулган. Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтү жаңы мыйзамдарга ылайык каралып, алар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышкан.

Количество просмотров: 86