• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бийликтин кызыкчылыгына ыңгайлуу ЖМК тууралуу мыйзам керекпи?

31 Жалган куран 2023 17:01 Бишкек Govori.TV


Президенттик аппарат сунуштаган ЖМК тууралуу жаңы мыйзамдын долбоорунда, аны демилгелегендер менен мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестик болууда. Мунун себебин жумушчу топтун өкүлдөрү мыйзам долбоорунун түзүлүшү улам өзгөртүлүп, жада калса аны менен таанышууга мүмкүнчүлүк болбогону менен түшүндүрүүдө. Мындан улам, Акыйкатчылык ЖМКлар жөнүндө мыйзамды толуктап иштеп чыгуу боюнча эки тарапка диалог аянтчасын уюштурду.

Орусиядан көчүрүлүп алынган ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоорунда сөз эркиндиги чектелген. Жада калса түз эфирге чакырылган коноктун сөзү үчүн да редакция жоопкер катары көрсөтүлгөн.
Аталган мыйзамды демилгелеген Мурат Укушев өзү жыйынга келген жок. Анын ордуна келген Президенттик администрациясынын өкүлү мындай дейт.

Атайын жумушчу тобу тарабынан каралып жаткан мыйзамдын долбооруна президенттин Администрациясынын өкүлдөрү жана бир катар көз карандысыз журналисттер кирет. Жумушчу топтун мүчөлөрү мыйзамды демилгелегендер алардын үнүн укпай жаткандыгына нараазы болушууда.

Мындай нараазычылык тууралуу Президенттин администрациясынын укуктук тармак боюнча эксперти Акылбек Туратбек уулу өзүнүн пикирин билдирди.

Төрт айдын ичинде төрт жолу өзортүлгөн мыйзамдын долбоорунда бир гана бийликтин күчү бекемделип жатканы аз келгенсип, жалган маалыматтар айтылып жатса кайдагы пикир келишүү болмок эле дешет катышуучулар.

Мыйзамдын узак сакталышы үчүн, эки тарап орток пикирге келип, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштей турган чечим кабыл алуу зарыл.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Аппараттын иш башкармасынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчилигинин катышуусунда кайрадан тегерек столду өткөрүүгө макул болушту.

Количество просмотров: 118