• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Билим берүү министри кызматтан бошотулду

5 Бугу 2021 18:51 Бишкек Govori.TV

Болотбек Купешев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кол койду.

61 жаштагы Болотбек Купешев министрлик кызматка келгенге чейин Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору, Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими, Соода-өнөр жай палатасынын түндүк аймактар менен иштешүү департаментинин жетекчиси кызматтарын аркалаган.

Билим берүү жана илим министри буга чейин Алмазбек Бейшеналиев болчу.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн жаңы Башмыйзамга кол коюп, Министрлер Кабинетинин түзүмүн бекитти.

Количество просмотров: 913