Бишкек.03.05.2019.Govori.TV.
Өлкөнүн аймактарында 25-май акыркы коңгуроо майрамына карата акча чогултуп, мугалимдерге себепсиз белек берүүгө Билим берүү жана илим министрлиги тыюу салуу туурасындагы жарлыкка кол койду. Бул тууралуу министрликтин маалымат катчылыгынан билдирди.
Мындан тышкары, бүтүрүүчү класстардын коопсуздугун сактоо иретинде, региондордогу билим берүү боюнча кызматкерлер майрам күнү күчөтүлгөн тартипте 24 сааттык күзөт иштерин жүргүзүүсү талап кылынды.
Жогорудагы жарлыкка баш ийбегендерге чара көрүлүп, жумуш орундарынан бошотулаары айтылды.
Эскерте кетсек, акыркы коңгуроо майрамы республика боюнча 25-май күнү белгиленет.