• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Билим берүү министрлиги Купешевге кылмыш иши козголду деген маалыматты четке какты

21 Аяк оона 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы министр Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду деген маалыматты четке какты.

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети министр Купешевге кылмыш ишин козгоду деген маалымат чындыкка дал келбейт»,-деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Купешевге УКМК тарабынан кылмыш иши козголгонун өздүк булактарына таянуу менен жазып чыккан. Бул боюнча УКМКга кайрылганыбызда, учурда маалымат такталып жатканын билдиришти.

Белгилей кетсек, Болотбек Купешев 5-майда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Количество просмотров: 174