• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Билим берүү министри ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган бала бакчага барды

21 Үчтүн айы 2021 15:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги №48 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган бала бакчада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланат.

Алмазбек Бейшеналиев пандемия шартындагы иштин жүрүшү менен, бала бакчанын жалпы абалы менен таанышты. Министр балдар жана мугалимдер менен баарлашып, бала бакчанын кем-карчын сурады. Бала бакчага айрым жабдыктар (түстүү принтер, ноутбук жана 2 интерактивүү доска) жетишпей келген. Министр аталган жабдыктарды жакын арада бала бакчага жөнөтө тургандыгын билдирди.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп баратат, ал эми мугалимдердин саны жетишсиз.
Алмазбек Бейшеналиев бала бакчанын жетекчилигине министрликке кайсы багыттардагы мугалимдерге талап болуп жатканын көрсөтүүсүн тапшырды. “Билим берүү министрлигинин долбоордук багыттарына ылайык, Арабаев атындагы мамлекеттик университет жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту инклюзивдик билим берүүчү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү) мугалимдерди даярдай баштайт. Министрлик аларды бюджеттик негизде окутуп, даярдап берет”, — деди министр.

Алмазбек Бейшеналиев сөзүн улай: “Учурда жалпы эле республикада атайын билим берүүчү бала бакчалар жетишпейт. Бул көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде чечишибиз керек”, — деп белгиледи.

Количество просмотров: 51