• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева: «Эң мыкты мугалимдер гана сапаттуу билим бере алышат»

6 Баш оона 2018 17:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV
Өкмөт үйүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазыев “Жалпы билим берүүчү уюмдардын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө” жыйын өткөрүп, КРнын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын окуган доклады менен таанышты. Министр билим берүү тармагын реформалоо керектигин билдирип, бул тармакты алдыга жылдыруу үчүн бир нече сунуш пикирлерди укту. Жыйын соңунда Гүлмира Кудайбердиева Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттигине маек берди.
 Билим берүү тармагында  өзгөрүүлөр болот деп айтып жатасыз. Айтсаңыз, информатика, чет тили сабактары 5-класстан баштап киргизилип окутулат деген пикирлер дагы айтылды. Бул кандайча ишке ашат, башка предметтерге залакасын тийгизбейби? Же башка предметтерди кыскартуу менен ишке ашабы?
Эч кандай сабактар кыскартылбайт. Биз бул нерсени оптималдаштыруу деп жатабыз. Базистик окуу программасын ишке киргизебиз. Окуу планынын өзүнүн концепсиясы иштелип чыгат. Бул эмне деген концепсия? Биздин өлкөбүзгө кандай бүтүрүүчү керек? Биз мектептен кандай баланы даярдап чыгышыбыз керек? — деген суроолордун үстүнөн иштеп, иш алып барган концепсия. Ушул боюнча окуу планынын базистик концепсиясын иштеп чыгып, базистик окуу планынын ичиндеги “Предметтердин базалык пакеттери” — деген беш-алты негизги предметтер боюнча, мына ошолордун негизинде иштерди жүргүзүп, китептерди чыгарып, жаңы окуу программаларды иштеп чыгып, стандарттар боюнча иш алып баруудабыз. Анткени буга чейин базистик окуу  планында бир нече предметтер бир жумада бир саат гана окутулуп келген. Мындан ары керексиз сабактар окутулбайт. Бир саатта бала эмнени үйрөнмөк.  Өнүгүү стратегиясынын алкагында кандай баланы окутуп, даярдап жатабыз? Ошол нерсеге көңүл буруу биз үчүн маанилүү. Информатика 7-класста кирчү, эми 5-класстан баштап окутулат. Чет тили сабагын 2 саттан, 5 саатка чейин көбөйттүк. Мамлекет ар бир балага шарт түзүш керек. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө анын статусун көтөрүүгө дагы көп аракеттерди жумшап жатабыз, эне тилинде чыккан китептердин санын көбөйтүү аркылуу.
Адабият сабагы кыскарат деген пикирлер демек, чындыкка дал келбейт?
Ооба,чындыкка туура келбейт. Мисалы информатика сабагын эмненин эсебинен киргиздик. Информатиканы биз физика,астрономия сабагы интеграцияланганынын негизинде бир саатты чыгардык.
Аккредитациядан кандай жыйынтык күтүп жатасыз, максаты эмне? Өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары кандай?
Аккредитациянын аябай маанилүү максаттары бар. Бул баалоо системаны түзүү дегендик. Мисалы, мектептеги мугалимдерге талаптарды койсок, ошол эле мектеп жетекчилерине талаптарды койсок, биз билишибиз керек коюлган талаптар аткарылып жатабы же жокпу? Кандай аткарылып жатат?-деп. Толук кандуу түрдө бизге картина көрсөтүлүп турушу шарт. Кайсы мектепте кандай көйгөйлөр бар экени жөнүндө. Баалоо системасы буга чейин фрагменталдуу түрдө эле болгонун билебиз да. Мисалы, ЖРТ бул дагы билим сапатынын көрсөткүчтөрү болуп эсептелинет. Кайсы предметтерден кандай балдар чыгып жатат мектептерден. А аккредитация болсо бул комплекстүү баалоо болот. Ар бир  предметтин ишмердүүлүгү боюнча, мектептердеги мугалимдердин иштеген ишмердүүлүгү боюнча  бизге так маалымат жетип турат.  Бул менен эле чектелбей, биз мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн окуутууну дагы карап жатабыз. Ушул аккредитациянын негизинде  биз билип жатабыз кайсы мектепте  кайсы мугалим ушул курстарга муктаж. Ошондуктан бул баалоо системасы  бизге аябай керек.
Демек, жыйынтык көрсөтөт..
Сөзсүз жакшы жыйынтык көрсөтөт.
Мектепке жаш мугалимдерди тартуу боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат?
Жаш мугалимдерди тартуу боюнча жакшы аракеттерди көрүп келе жатабыз. Мугалимдердин окуу жүктөмү деп коебуз. Ошол окуу жүктөмдү аябай майдалап 3-4 сааттан бөлүп салган фактылар дагы бар. Бул билим берүүнүн сапатына зыян берет. Ошондуктан биз так аныктап койдук окуу жүктөмү кандай болуш керек экенин. Кирди-чыкты мугалимдер болбош керек. Эң мыкты билимдүү мугалимдер гана сапаттуу билим бере алышат. 1754  пенсия курагындагы мугалимдер жумуштан чыгып жатат. Бул  деген сөз жаш мугалимдерге көбүрөөк орун берүү дегенди түшүндүрөт. Жашы өтүп калган мугалимдер жаңы технологияларды жакшы өздөштүрүп кете алышпай жатпайбы. Ал эми жаш мугалимдер жаңы технологияларды колдонуп, билим берүүнүн сапатынын өсүшүнө салым кошо алышат.
Ошол жаш мугалимдерге үй берүү маселесин карап көрдүңүздөрбү?Аймактарга жиберилген жаш адистер боюнча..
Биз аны карап жатабыз. Бирок бул маселе бир эле биздин министрликке тиешелүү эмес. Жергиликтүү бийлик дагы бул маселеге кош көңүл карабашы керек. Бирок албетте  биз дагы кайдыгер карабайбыз.

Маектешкен:  Гүлшат Ысамамат кызы

Количество просмотров: 75