• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Билимге эмес, митингге жетелеген мектептин чыры

18 Чын куран 2023 9:31 Бишкек Govori.TV


Бишкек мэриясына Абдылда Каниметов атындагы №1 мектеп-интернатынын эмгек жамаатынан, Бишкек шаардык прокуратурасынан жана шаардык кеңештин депутаттарынан кайрылуу түшүп, анын негизинде ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мектептин ишин текшерген учурда одоно мыйзам бузууларды аныктаган.

Мындан улам, Бишкек шаардык мэриясы шаардагы интернат тибиндеги мектептерде балдардын жашоосу жана окуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан коштоонун бирдиктүү формасын түзүү максатында №1 мектеп-интернатты Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатка кошуп, «Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси» аталышы менен кайра уюштуруу чечими кабыл алган.

Мындай жагдай аталган мектепте билим алган ата энелердин нараазычылыгын жаратып, окуучулардын катышуусундагы митинг өттү. Алар Каниметов мектебинин директору Нургүл Матканованын ордунда калуусун талап кылышууда. Анткени Матканова жетектеген убакытта мектептин чарбалык иштери кыйла жогорулаган.

Окуучулар чыккан митингде милициянын кызматкерлери орой мамиле жасап, айрымдарын бетке чаап да жиберген.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымат такталып жатканын билдирди. Азырынча жооп бере элек.

Бул жагдай тууралуу Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Элмира Кенжеева окуяга кенен токтолуп, чечимге макул экенин, бирок окуу жылы аяктагандан кийин аткарылса болмок деген пикирин айтат. Андан сырткары аларды жумуштан кетүү боюнча арыз жаздырып алганын кошумчалады.

Мындай жагдайдан кийин социалдык тармактарда билим берүү мекемесинин иши сынга алынып, чырга окуучуларды кошо тартуу жакшы жорук эмес экени айтылууда.

Количество просмотров: 84