• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир ай мурда Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды

27 Аяк оона 202010:00 Бишкек Govori.TV

Бир ай мурда Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-август күнү Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 1994-жылы туулган кыздын сөөгү бүгүн, 26-сентябрда болжол менен саат 14:40та табылган.

«Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 95 куткаруучу тартылган. Кыздын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 316