Кыргызстанда бир жуманын ичинде 14 миң 896 жол эрежесин бузуу катталган.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, анын ичинен:
жогорку ылдамдыкта айдоо — 2 152;
тиешелүү документтери жок унаа башкаруу — 183;
транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн — 5 252;
транспорт каражаттарын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн — 6 254;
айнектерин караңгылатуу — 43;
мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн — 212 айдоочу, ал эми ар кандай эреже бузган 632 айдоочунун автоунаасы айып короосуна токтотулган.