• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бир апта ичинде Бишкекте миңден ашык адам коменданттык саатты бузду

2 Чын куран 202012:52 Бишкек Govori.TV

Бир апта ичинде Бишкекте миңден ашык адам коменданттык саатты бузду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендантты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын маалыматында, ордо калааны 3 миңден ашык милиция кызматкери жана Генералдык штабынын аскерлери көзөмөлдөп жатышат.

«2020-жылдын 25-мартынан тартып Бишкекке өзгөчө абал киргизилди. Ошол күндөн 1-апрелге чейин, коменданттык убакытты 1076 адам бузган, алардын ичинен 145 аял, 931 эркек жана 14 өспүрүм», — деди ал.

Количество просмотров: 95