• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир апта ичинде мас абалында унаа айдаган 92 айдоочу кармалган

11 Чын куран 2022 10:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында акыркы бир жумада 18 миң 702 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Акыркы жумада аныкталган жол кырсыктарынын ичинен:

  • транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3 399;
  • транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 160;
  • транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 6 927;
  • транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 15;
  • автоээнбаштык – 5;
  • жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 949;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 121;
  • жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6404;
  • айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 46;
  • мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 92;
  • унаа токтотуучу жайга коюлду – 688.
Количество просмотров: 67