• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдар кандай өзгөрдү?

28 Жалган куран 2023 11:04 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө жол эрежесин бузгандарга салынчу айып пулдун өлчөмү көбөйдү. Эреже бузгандарга жазаны катаалдаштыруу мыйзамына президент Садыр Жапаров кол коюп, ал 8-марттан тарта күчүнө кирди.

Жол эрежесин одоно бузгандар үчүн айып пулдар кандай өзгөргөнүн төмөндөн толук таанышыңыз.

Мас абалында унаа башкаргандарга мурдагыдай 17 500 сом айып салбай, дароо эле айдоочулук күбөлүгүн бир жылга жокко чыгарат. Дагы кайталанса үч жылга рулга отуруу укугунан ажырайт.

Унаа башкарууга укугу жок жаран ичип алып рулга отурса буга чейин 15 миң сом айып салынса, мындан ары үч суткага камалат.

Спирт ичимдигин ичкендигин аныктоочу текшерүүдөн баш тарткан учурда буга чейин 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары үч суткага жана айдоочулук күбөлүгү жоктор 5 суткага камакка алынат.

Мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда айдоого укугу жок жаран жети суткага камалат, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Буга чейин 20 миң сом айып салынган же беш суткага чейин камалган.

Унаа башкарууга укугу жок жаран рулга отурса — мурда 5500 сом болчу, эми 15 000 сом, 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мүмкүн эмес.

Жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө — мурда 3 000, эми 5 500 сом.

Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса — мурда 5 500, эми 7 500 сом.

Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурда 7 500, эми 15 000 сом.

Каршы тилкеге чыгып айдаса — мурда 5500 сом, эми 15 000 сом. Кайра кайталанса жарым жылга күбөлүгүнөн ажыратылат.

Унаа бейбаштыгы — мурда 7 500, азыр 15 000 сом. Эреже кайталап бузулса 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Айдоочу унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажырайт. Мурда айып пул 10 миң сом болчу.

Айып пулду 70 пайыздык арзандатуу менен 15 күндө төлөшсө, эми бир айга чейин узартылды.

Мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берчү. Эми 3000 сомдон ашса унаа айып короого токтотулат.

Жасалма номер менен унаа айдагандар үчүн айып пул 20 миң сом, кайталап мыйзам бузса бир жылга айдоочулук күбөлүгү жарактан чыгарат.

Бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат.

Количество просмотров: 2949