2024-жылдын январь-июнь айларында «Коопсуз шаар» долбоорунан мамлекеттик бюджетке 422 млн 744,7 миң сом же 4,9 млн доллар түштү.
Финансы министрлигинин жарым жылдык баяндамасында жазылгандай, бул былтыркы алгачкы жарым жылдыктагы көрсөткүчтөн 252,6 млн сомго көп.
Быйылкы алты айда «Коопсуз шаар» долбоорунун айыппул туумдары жана каржылык санкциясынын суммасы 15,7 млн сомго чыкты.
Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган.