• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир аптада 18 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

21 Тогуздун айы 202412:14 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстанда 14-октябрдан 20-октябрга чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 18 366 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 466;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 152;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 322;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 930;
  • авто ээнбаштык – 18;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 856;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 553;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 835 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Количество просмотров: 121