• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бир аптада 4 миң 730 жол эрежеси бузулду

8 Бирдин айы 202110:07 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда 1-7-февраль аралыгында айдоочулар тарабынан 4 миң 730 жол эрежеси бузулду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 47 айдоочу мас абалында, 1 миң 482си катуу ылдамдыкта, 40ы айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган. Калган 148 унаа айып аянтчасына киргизилген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды жол эрежесин бузбоого чакырат.

Количество просмотров: 125