• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Бир аптада дээрлик 20 миң жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

23 Тогуздун айы 2023 12:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 16-октябрдан 22-октябрга чейин аралыкта 19 миң 985 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 283;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 300;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 34;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1427;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2942;
  • авто ээнбаштык – 3;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4606;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10389;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 мин 552 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Количество просмотров: 67