• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мурдагы тартип сакчы кайрадан мас болуп унаа айдаган

1 Бештин айы 202512:36 Бишкек Govori.TV

Мурдагы тартип сакчы кайрадан мас болуп унаа айдаган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, ал буга чейин да мас абалында унаа башкарганы үчүн кармалган жаран.

«Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери аны токтотууга аракет кылганда, ал каршылык көрсөтүп, агрессивдүү маанайда болуп, кызматкерлерди сөгүп-өкүрүп, качууга аракет жасаган. Мындан тышкары, кызматкерлерге “эртең силердин баарыңарды жумуштан алдырат” деп, өзүнүн айрым байланыштарына таянгансып, коркутууларды айткан. Мыйзамдуу талаптар – наркологиялык кароодон өтүү жана документтерин көрсөтүү – аткарылбай, айдоочу аларга кескин баш тарткан. Анын агрессивдүү жүрүм-туруму жана коркутууларынан улам Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери Укук коргоо органдарынла кызмат өтөө тартиби жөнүндөгү мыйзамга ылайык, өз коопсуздугун камсыздоо жана айдоочуну мыйзамдуу талаптарды аткарууга мажбурлоо үчүн күч колдонууга мажбур болушкан», — деп жазылат маалыматта.

Аталган айдоочуга карата административдик протокол түзүлүп, андан соң ал Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул жаран буга чейин да ар кандай мыйзам бузуу жана тартипке жатпаган жүрүм-турумдары үчүн жоопко тартылганы кошумчаланды.

Количество просмотров: 128