Түнкү кайгуул кызматында милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери мас абалда унаа айдап жүргөн дагы бир айдоочуну кармашты. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Кайгуул кызматкерлери унааны токтотуп, айдоочуну башкаруудан четтетишкен. Айдоочуга карата укук бузуу тууралуу протокол түзүлүп, жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат.