• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда

6 Бирдин айы 2024 12:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Ыкчам маалыматка ылайык, 2024-жылдын 5-жумасында (29.01-02.02.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 7266 учуру катталды. Ооругандардын ичинен 68,8%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрдан тарта 1 миң 597 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда.

Оорунун жогорку көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда катталды, 233,3, 185,2 жана 168,8, түздү.

Республикада КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын санынын көптүгүнөн жабылган мектеп жана бала бакчалар жок.

Бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген.

Количество просмотров: 46